Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:25

"Текшерүүдөн коркуп, үйдөн чыкпай отургандар көп". АКШ 20дан ашуун кыргыз жаранын депортациялады


АКШнын полиция кызматкерлери
АКШнын полиция кызматкерлери

Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкекке жеткирилди.

Шарттар, мыйзамдар катаалдашып турган учурда деле Америкага кирүүгө аракет кылган кыргызстандыктардын арты суюла элек.

9-августта АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык атайын каттам менен Бишкекке келгенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Депортация тартибине ылайык, эми алардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынышы мүмкүн.

“Өлкөгө мыйзамсыз түрдө кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал. Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерге жол бербөө максатында, АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат”, - деп жазылат ТИМ тараткан маалыматта.

АКШдан чыгарылган 25 жаран Бишкекке учуп келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00

Министрлик АКШга барам деп камынып жаткандарга ушул жагдайларды эске алып, ал өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырды. Мунун алдында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттарда жүргөн 45 кыргызстандыкты депортациялоо чечими чыкканын билдирген.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев мекендештерге буга байланыштуу видеокайрылуу жасаган.

Айбек Молдогазиев
Айбек Молдогазиев

"Элчилик Америкада жашап жаткан Кыргызстандын жарандарын АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоонун маанисин билип, аны так сактоого чакырат. АКШнын ички коопсуздук министрлигинин маалыматы ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандын жарандары визалык режимди көп бузууда. Өзгөчө студенттик, иш сапар, туристтик визаларды алгандар мыйзамды көп бузуп жатат. Ушундан улам тилекке каршы АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн визалык чектөөлөрдү киргизүүдө. Элчилик Кыргызстандын жарандарын виза менен уруксат берилген убакытта чыгып кетүүгө жана белгиленген эрежелерди сактоого чакырат. Визалык талаптарды сактабоо визанын жокко чыгарылышына, ири айып пулга, кармалууга жана АКШга кайра кирүүгө тыюу салынышына алып келиши ыктымал. Визалык режимди бузуу жеке жоопкерчилик гана эмес, жалпы мамлекетибизди эл аралык аброюна да залакасын тийгизет. Ошондуктан бардык мекендештерди виза режимин так сактоого чакырабыз".


Соңку үч жылдан бери АКШда жашап, иштеп келаткан 33 жаштагы Илгиз (аты өзгөртүлдү) соңку кезде Америкага чет жерден келгендердин документтерин текшерүү күч алганын билдирди. Ал соңку аптада эле Кыргызстандан барып, трак айдап жүргөн беш кыргызстандыкты күч органдары кармап, атайын кармоочу жайга алып кеткенин, азыр алардын дайны беймаалым экенин "Азаттыкка" айтып берди.

"Бир жыл тогуз ай детеншнде (түрмөдө) жаткан таанышым бар. Ал сотту уткан жок, ошондуктан Ташкент аркылуу депортация болду. Анан камакта отургандары да көп. Азыркы тапта Питсбург, Филадельфия, Сиэтлдан кармалып, камакта отургандар бар. Мисалы, Техастан трак айдаган үч кыргызстандык үч күн мурун кармалып, камакка алынды. Алардын тагдыры азыр белгисиз, себеби Трамп чыгарган мыйзамдар абдан көп, алар менен таанышып жетишпей калып атабыз. CBP-1 менен кирген мигранттар мурда 2-3 миң доллар бонд (күрөө) катары төгүп, чыгып кетип аткан, азыр анын баасы 14 миң долларга чыкты. Азыр кармалгандар соттун чечимин гана күтүп калышты. Питсбургдан бир ай мурун департаменттин офицерлери эки мекендешибизди кармаган. Алардын бири чыкты, досум 14 миң күрөө берди. Экинчисин департаменттин өкүлдөрү үйүнүн алдынан эле кармап, "үйүңө кирип, жакындарың менен коштошуп чык, биз сени депортация кылабыз" деген. Азыр ал камакта отурат. Мына ошондой окуялар өтө көп. Кээ бирине адвокаттарды таап берип, жардам бергенге аракет кылуудабыз. Текшерүүгө кабылып калбайын деп иштебей, үйүнөн чыкпай отургандар көбөйдү. Трак айдагандарды жолдон көп кармагандыктан, алар трак айдабай калышты. Шаарларда такси кызматын көрсөтүшүүдө".

Мексика менен АКШнын чек арасынан өтүп жаткан адамдар.
Мексика менен АКШнын чек арасынан өтүп жаткан адамдар.

Июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим президент Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.

Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган жана бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот.

B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.

"Американы мактаганы, жактаганы, жектегени да көп"

Бизге телефон аркылуу байланышып, Америкадагы кыргыздардын азыркы абалын айтып берген Илгиз(аты өзгөртүлдү) АКШда мыйзам эрежелер катаалдаганына карабастан бул өлкөгө Мексика аркылуу кирем деп баргандардын аягы суюлбай жатканын, ушул тапта камакта отурган кыргызстандыктар да аз эмес экенин билдирди.

"Үчүнчү өлкө аркылуу киргендер, визасынын мөөнөтү өтүп кеткендер бул жерде абдан көп. Көбү 519-формадагы документ толтурат, алардыкы ошол документи өз убагында келбей, кармалып калууда. Ал эле эмес, андан кийин грин карта ала албай куурагандар көп. Буга чейин Калифорнияда рейддер болгон. Эми ушул жумада Чикаго шаарында текшерүүлөр катуу болорун департаментте иштеген тааныштар билдирди. Ошого байланыштуу азыр көбү кооптонуп отурган кез. Бир эле кыргыздар эмес, КМШ өлкөлөрүнө келгендердин баарынын жагдайы азыр оор. Азыр Америкада жашап жүргөн кыргызтандыктардын арасынан 15-20% документи жок же толук эмес. Үчүнчү өлкөлөр аркылуу 10-15 жыл мурун келгендер "резидент" статусун алган күндө деле алардын документтерин жокко чыгарып, депортация кылып салган учурлар болуп атат. 10 жыл бул жерде жашап, үй алып, бизнесин тургузгандардын арасында деле өз ыктыяры менен кетип аткан тааныштарым бар. Бул жерге келгени таңкала турган эч нерсем деле калбай калды. Азыр ушундай оор жагдайга карабай "мен баарыбир Америкага кирем, ушу жерде жашайм" дегендер көп болуп атат. Американы мактаганы, жактаганы, жектегени да көп".

Июнь айында АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаментинин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.

Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Бишкектеги АКШ элчилиги жана Вашингтондогу элчи Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG