Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Президент көп аялдуулук үчүн жоопкерчиликти жоё турган долбоорду артка кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке кайтарды.

Парламенттин депутаттары Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев иштеп чыккан долбоордо эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп таануу жазылган. Документти Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган.

Мыйзам долбооруна акыйкатчы, Башкы прокуратура, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Улуттук илимдер академиясы, Юстиция министрлиги жана Конституциялык соттун аппараты каршы пикир берген.

Президенттин аппараты көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келерин белгиледи. Ошондой эле бул мыйзам аялдарды жана балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргой турганы айтылат.

Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам маселени ачык көрсөткөн статистика жок. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG