Азербайжандын президенти Илхам Алиев 10-августта украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин атайын буйрукка кол койду.
Ага ылайык, Азербайжандын Энергетика министрлигинин эсебинен электр ишканаларына керектүү шаймандар жана техника Украинага гуманитардык жардам катары жөнөтүлөт. Алиев ошондой эле буга чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнө курал-жарак сатууга киргизген эмбаргону алып салышы мүмкүн экенин эскертти.
Эки өлкөнүн лидерлери Орусиянын бир нече аптадан бери Украинадагы Азербайжанга тийиштүү SOCAR мунай ишканаларына абадан сокку уруп жатканын айыпташты. Азербайжандын жаратылыш газы Украина, Европага Одессадагы компрессордук станция аркылуу ташылат, ал жерге орус армиясы 6-августта чабуул койгон. Анын алдында, июлдун аягында Молдова, Румыния, Болгария, Түркияны аралап өтчү Трансбалкан коридору аркылуу азербайжан газы алгачкы ирет Украинага жеткириле баштаган. 8-август күнү Одессадагы SOCAR ишканасын бутага алган орусиялык Shahed дрондорунун соккусунан төрт кызматкер олуттуу жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Июндун аягында Азербайжан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык жаңжал тутанып, эки тарап бири-биринин жарандарын камакка алып, депортациялаган. Бул чыңалуу маалында Орусиядагы азербайжан диаспорасынын эки өкүлу каза болгон. Москва менен Бакунун ортосундагы мамиле салкындап турган чакта Баку менен Киевдин ортосунда байланыштар жандана баштагандай.
Шерине