Израилдин министрлер кабинети жумага караган түнү премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо планын бекитти. Өкмөт башчы ага чейин палестин анклавында жөөт армиясынын көзөмөлү орнотулат деген ниетин билдирген. Ушул тапта Газа тилкесинин 75-80% Израилдин көзөмөлү астында.