Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:31

WSJ: Украина жана Европа АКШга согушту токтотуу планын сунуштады


Киев жана Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү АКШга Украинадагы согушту токтотуу боюнча өздөрүнүн планын сунуштаганын The Wall Street Journal басылмасы булактарына таянып жазды.

Сунушталган планга ылайык, тынчтык келишимин түзүүгө багытталган кадамдар ок атышуу толук токтогондон кийин гана жасалышы керек. Аймактарды алмашуу мүмкүнчүлүгү эки тараптын өз ара макулдугу менен гана каралат. Эгерде алмашуу ишке аша турган болсо, Украина НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн кошо камтыган бекем коопсуздук кепилдиктерин алышы зарыл.

Бул план АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске, мамлекеттик катчы Марко Рубиого жана президенттин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Кит Келлогго жолдонуп, келерки аптага белгиленген АКШ жана Орусия президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүндө АКШнын позициясынын негизин түзүү үчүн сунушталганын басылманын кабарчысы Боян Панчевски билдирген.

«Европанын максаты – Украина менен чогуу Орусия менен сүйлөшүүлөр боюнча жалпы “кызыл сызыкты” белгилеп алуу”, - деп жазган Панчевски.

АКШ жана Орусия президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүсү 15-августта Аляскада өтөрү жарыяланды. Алдын ала маалыматтар боюнча Орусия макул болушу мүмкүн делген Киев менен Москва ортосундагы ыктымал тынчтык келишимде Украинанын аймактык чегинүүлөрүнө байланышкан пункттар да бар.

Зеленский 9-августта Украина “өз жерин бербей турганын” билдирди. Социалдык тармактагы баракчасына “Орусиянын позициясында эч кандай жылыш жок” экенин жазды. Президенттин айтымында, “Орусия Украина менен аймактарды алмашуу идеясын колдоого мажбурлап жатат, бирок бул алмашуу эч кандай кепилдик бербейт. Тескерисинче, аларга согушту кайра баштоо үчүн ылайыктуу шарттарды түзүп берет”.

Шерине

XS
SM
MD
LG