Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:25

Австралия БУУнун саммитинде Палестина мамлекетин таанырын жарыялайт


Австралиянын премьер-министри Энтони Альбанезе. 11-август, 2025-жыл.
Австралиянын премьер-министри Энтони Альбанезе. 11-август, 2025-жыл.

Австралия сентябрда өтө турган БУУнун саммитинде Палестинаны эгемен мамлекет катары тааный турганы жарыяланды.

Bloomberg агенттиги кабарлагандай, Австралиянын премьер-министри Энтони Альбанезе дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында мындай чечим Палестина администрациясынан тийиштүү милдеттенмелер алынгандан кийин кабыл алынганын белгиледи. Бул чечим Австралияны жакынкы өнөктөшү АКШдан алыстатат, деп жазат Bloomberg.

"Эки мамлекет тууралуу чечим - Жакынкы Чыгыштагы зордук-зомбулук, чыр-чатактарга, Газа тилкесиндеги азап-тозок менен ачарчылыкты токтотууга болгон адамзаттын эң мыкты үмүтү. Биздин өкмөт Хамастын террорчулары болочок Палестина мамлекетинде эч кандай роль ойнобошу керектигине басым жасады. Палестин президенти жана администрациясы бизге убадалаган милдеттенмелердин бири дал ушул маселе болду", - деп билдирди премьер Альбанезе.

Буга чейин Франция да сентябрдагы БУУнун саммитинде Палестинаны өз алдынча мамлекет катары тааный турганын жарыялаган.

Палестина мамлекетин БУУга мүчө 193 өлкөнүн 150гө жакыны тааныган.

Шерине

XS
SM
MD
LG