Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:08

"Жайытты жапайы туризм да какыратат"


Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жайлоолорду коргоого чакырды. Президент жайыттардын такырайып кетүү себебин малдын көбөйүп кетишинен көргөн. Экологдор болсо туризм маселеси, экологиялык аң-сезимдин төмөндүгү дагы көйгөйдү ырбатып жатканын белгилешет.

Соңку кезде Кыргызстандын аймагында жайлоолорду кыдырып жүргөн экоактивист Гамал Сооронкулов жайыттардын азыркы абалы тууралуу айтып бермекчи.

- Гамал мырза, президент жайыттарды коргоого чакырды. Эколог катары көйгөйдү кандай жол менен чечүүнү сунуштайсыз?

Гамал Сооронкулов.
Гамал Сооронкулов.

- Көптөн бери биздин жайлоолордо эки чоң көйгөй барын айтып келем. Бири таштанды, экинчиси жайыттардын деградация болушу. Экөөнө тең антропогендик фактор себеп болгон. Илгери жайыт которуштуруу, эс алдыруу деген бар эле. Алыскы жайыттарга малды тик учак, автоунаа менен жеткиришчү. Кара-Кулжада, Талас менен Аксынын ортосунда алыскы жайыттар ээн жатат. Жолдун айынан ал жакка жете албай жүрүшөт. Азыр эми айыл өкмөттөр ирилешти, техника, акча жетиштүү. Союздан калган жолдорду оңдоп, ачыш керек. Шарт түзүп берсе, малчылар барат эле.

- Сиз аймактарды көп кыдырасыз. Жакынкы жайыттарды эс алдырган айылдар барбы? Учурата алдыңбызбы?

- Бакай-Ата районунда Беш-Көл деген капчыгай бар. Акыркы жылдары тамтыгы чыгып калган. Аны көргөн эл жайытты эс алдырууну чечкен. Биримдик айыл өкмөтү эки жылдык мораторий жарыялап, азыр ээн жатат. Өткөндө барсам, жер сергип калгандай сезилди. Бул бир эле жылда болгон өзгөрүү. Чөп өскөн жайытта жан-жаныбар пайда болот, сууга балык байырлайт дегендей.

- Союз маалында Суусамырды коңшу Казакстандын чабандары да жайлаган да. Мал азыркыдан да көп болчу дешет. Ал кезде жайытка байланыштуу маселе көтөрүлчү беле?

- Суусамырды Казакстандын, Чаткал, Алайды Өзбекстандын малчылары жайлачу. Ал кезде жайыттарды которуштуруу тажрыйбасы бар эле. Экинчиден, ал кезде ак кой же меринос багышчу. Бул көп жылдык илимий изилдөөнүн негизинде пайда болгон, жүнү да кымбат кой эле. Анын тукумун үзүп алдык. Эл азыр айдап жүргөндү "кыргыз кой" деп атап алган. Бирок бул туура эмес. Чыныгы кыргыз койду бала кезде көрүп калдык, башкача болчу. Мериностун жакшы жери жерге имерилет, тойгондон кийин жатат. Азыр биз багып жаткан кой андай эмес, удургуп жатып эле туягы чөптү эзип салат. Ошон үчүн асыл тукум малга өтсөк болмок. Жүндү кайра иштеткен фабрикаларды калыбына келтирүү керек.

- Бир маегиңизде жайыттарды тикенектүү бадал басканын, жер өзүн деградациядан ушинтип сактарын айттыңыз эле.

- Мен көп жыл алтыганага каршы күрөшүп жүрдүм. Атайын команда түзүп өрттөп да, кыйып да, дарылап да көрдүк. Болбоду. Ордуна кайра эле аконит, чалкан, тикенектин башка түрлөрү чыга берди. Демек, табият өзүн ошентип сактайт экен. Бүгүн мен алтыганага тийбегиле деп жүрөм. Суусамырда жалгыз карагай өскөн жер бар, аны илгери Аксыга бараткан токойчулар отургузуп кеткен. Ошонун жанына тал-теректин көчөттөрүн отургузуп жатабыз. Албетте, жайлоону токой кылуу ниетибиз жок, кыла да албайбыз. Бирок суу жээктерине терек, моюл, карагай өсө баштады. Алар көбөйсө, көлөкө түшөт, алтыгана көлөкөдөн качат экен.

- Азыр айыл өкмөттөр жайыттарга чөптүн уругун сээп жатышат. Бирок алар ошол жерде өсүп кетеби? Дегеним иш башаламан жүргөн жокпу?

- Ар бир аймактын жер шартына ылайык өсүмдүктөрү бар. Мисалы, шыбактуу жерге башка чөп өспөйт дегендей. Мындай иштерди адистер, Илимдер академиясынын өкүлдөрү менен акылдашып ишке ашыруу керек. Кээ бир жерлерде урукту алып эле сээп коюшту. Ал өсөбү же жокпу, эске алышкан жок.

- Азыр жайлоого малы жок эле, соода же эл алуучуларды күтүү үчүн чыккандар бар экен. Жайыттарга бул кандай таасир этет?

- Эс алуу да чоң көйгөйгө айланып баратат. Эптеп эле бир жерди ижарага алып, жарашса-жарашпаса да Кытайдын боз үйүн тигип, бирдеме сатмай, акча тапмай амалы болуп жатат. Айрымдары жасалма пальмаларды коюп алышат. Анын ордуна көчөт берейин, отургузуп кой деп айткан учурларым болду. Жайлоонун эстетикасы бар да, ал сакталбай жатат.

Эс алуучулары келип, жол тандабастарды кышкысын тоңуп калган көлдүн үстүндө айдашат. Жайкысын жайытты квадрацикл менен тебелешет. Пиар үчүн каалаган жеринде очок асып, тамак кылган блогерлер көбөйдү. Кыскасы, жайлоолордун тамтыгын чыгарып жатабыз. Байкалбаганы менен дрон учурсаң, жайыттардын абалы оор экени даана көрүнүп турат.

Жаратылышка аяр мамиле үйдөн, бала бакчадан, мектептен берилчү тарбияга жараша болот экен. Жаштарды туризм маданиятына да үйрөтүү керек. Экология, Айыл чарба министрлигине ушундай иштерди айтсаң, кетенчиктеп, кайра өзүңдү жаман көрүшөт.

- Өлкөдө антропогендик фактордон улам какырап, эч нерсе өспөй калган жайыттар барбы?

- “ЭкоСтан” деген долбоорубуз бар. Сайтына экологиялык карта жайгаштырганбыз. Которуп, кыргыз, англис, орус тилинде кылганы жатабыз. Ошол жерде кайсы жайыт деградация болгону көрүнүп турат. Таптакыр эч нерсе өспөй, карайып калганы да бар. Мындан тышкары суу колдонуу мыйзамы да иштебей жатат. Конуштар эреже боюнча агын суудан 50 метр алыс болушу керек. Ал сакталбай, таштандылар сууга кошулуп кетүүдө.

- Ошол эле учурда жайлоого үйлөр салынып, чакан конушка айланып кеткенин көрүп жатабыз.

- Бул көйгөй азыр курч. Кытайдан келген жеңил материалдар менен үй салып жатышат. Негизи жайлоо жайлоо бойдон, жайыт жайыт бойдон калганы оң. Эл жашаган конуш башка. Мунун баарын көзөмөлдөө үчүн мыйзам так иштеши керек.

Шерине

XS
SM
MD
LG