Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:06

Трамп Вашингтонду үйсүздөрдүн чатырларынан тазалай турганын билдирди


АКШнын чоң шаарларында көчөдө жашаган үйсүздөр соңку жылдары көбөйгөн.
АКШнын чоң шаарларында көчөдө жашаган үйсүздөр соңку жылдары көбөйгөн.

АКШ президенти Дональд Трамп мамлекеттин башкалаасы Вашингтондо көчөдө жашаган үйсүздөрдүн баары башка жактарга көчүрүлө турганын Truth Social соцтармагына жазды.

"Борбор шаарыбызды мурда болуп көрбөгөндөй коопсуз жана кооз жайга айландырам. Сиздерди жашай турган жайлар менен камсыздайбыз, бирок башкалаадан алыс жерлерде. Кылмышкерлер, силердин кача турган жериңер калган жок", - деп кайрылды Трамп интернет аркылуу.

Вашингтонду үйсүздөрдөн тазалап, көрктөндүрүп жакшыртуу планынын бардык деталдары дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында жарыяланаары кошумча кабарланды.


Шерине

XS
SM
MD
LG