Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:42

Тель-Авивде миңдеген киши Газаны оккупациялоого каршы чыкты


Тель-Авив. 9-август, 2025-жыл
Тель-Авив. 9-август, 2025-жыл

Израилдин Тель-Авив шаарында 9-августтун түнү миңдеген киши Газаны оккупациялоо планына каршы акцияга чыкты.

Акциянын катышуучулары барымтадагыларды бошотуу үчүн Газа секторундагы согушту токтотууну талап кылып, АКШ президенти Дональд Трампты кырдаалга кийлигишүүгө чакырышты.

Айрымдар Газада ХАМАС радикал тобу барымтага алгандардын, кээ бири Израилдин сектордогу аскердик операциясында каза тапкан палестиналык балдардын сүрөттөрүн кармап турду.

"Бул жөн эле аскердик чечим эмес. Бул биз жакшы көргөн кишилерди өлүмгө түртүшү мүмкүн", - деп билдирди акциянын катышуучуларынын бири Лишей Миран Лави Reuters агенттигине. Анын күйөөсү Омри Лави эки жылдай мурун барымтага алынган.

Израилдин министрлер кабинети 8-августта премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо планын бекиткен. Өкмөт башчы ага чейин палестин анклавында жөөт армиясынын көзөмөлү орнотулат деген ниетин билдирген.

Ушул тапта Газа тилкесинин 75-80% Израилдин көзөмөлүндө.

Палестин анклавында дээрлик эки жылга аяк баскан согуш уланып жатканда Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге жасаган террордук кол салуудан 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 148 туткун аман-эсен кайтарылды. Дагы 50дөй израилдик туткундун 20сы тирүү экени кабарланган. Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согушта 60 миңден ашуун киши каза тапканын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG