Президент Садыр Жапаров “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтарды.
Документтин 21-беренесинде “акыйкатчыны, анын орун басарларын жана аппаратынын кызматкерлерин медициналык тейлөө атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары үчүн белгиленген деңгээлден төмөн эмес деңгээлде ишке ашырылат” деп жазылган. Финансы министрлиги мындай чыгым 2025-жылдын бюджетинде каралбаганын билдирип, каржы булагы аныкталганга чейин бул беренени алып туруу сунушун берген.
Президент андан тышкары акыйкатчы кызматына талапкерди көрсөтүү жана шайлоо беренелеринде дал келбестиктер бар экенин белгилеген.
Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алып, документ июль айында президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Ага ылайык, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизилет.
Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.
Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген. (BTo)
Шерине