Путиндин мындай кадамы эмнеден кабар берет? Украинадагы кырдаал боюнча бейтарап позицияны карманып келген Кыргызстан, жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү бул жагдайга кандай таасир эте алат? Бул тууралуу саясат талдоочу Эмилбек Жороев менен маектешебиз.
- Эмилбек мырза, кечээ күнү Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Путин менен Жапаровдун телефон сүйлөшүүсү болгонун, анда Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШ менен жүргөн сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат бергени айтылат. Путиндин мындай кадамын кантип талдасак болот?
- Владимир Путин Кыргызстандан тышкары Орусияга жакын делген бир канча өлкөнүн жетекчилери менен сүйлөшүптүр. Биринчиден, Путин Альяскага барып, АКШ президенти менен сүйлөшүүдөн кандай жыйынтык болорун алдын ала биле албайт. Жолугушууга өзүнүн бир катар шарттары менен баратат. Жолугушуудан кийин ойлогону оңунан чыкпай, Украина тарап макул болбой калса, “Орусия өзүнө байланыштуу болгон бардык аракетти кылды” деп өзүнө тарапташ болгон мамлекеттерди ынандырууну көздөп жаткан болушу мүмкүн. Экинчиден, Орусиянын өзүнүн геосаясий стратегиясы да болуп атат. Анткени бул мамлекет соңку үч жылдан бери дүйнөдөн четте калды. Трамптын бийликке келиши менен эки тараптын бири катары чыгып, маанилүү сүйлөшүүнүн алдында Москвага ыктаган өлкөлөрдү өзүнө тиешелүү тарап катары сыпаттап, өзү жалгыз эмес экенин далилдегиси келип жаткандай. Кыргызстан менен катар ЕАЭБге, ЖККУга жана БРИКС уюмуна кирген мамлекеттер менен да сүйлөшүптүр. Муну менен Путин жаатташуу саясатын ишке ашыргысы келгендей сыяктанат. Үчүнчүдөн, Батыш өлкөлөрүнө, АКШга ишарат кылып, Орусия жалгыз эместигин, анын да кеңеше турган өнөктөштөрү, стратегиялык мамиледеги тараптар бар экенин көрсөткүсү келиши мүмкүн.
-Борбор Азия өлкөлөрү Украинадагы кырдаал боюнча бейтарап позицияда экенин айтып келет. Жанданган сүйлөшүүлөрдүн фонунда бул аймактын лидерлери кандайдыр бир таасир же салым кошо алабы?
-Биздин аймактын согуштун токтошуна түздөн-түз таасири аябай чектелүү. Буга чейин да ар бир мамлекет жетекчилиги согуштун токтошун, эл аралык укуктун сакталышын жана негизги принциптерди эскертип, чакырык жасаганы менен ал көп таасир берген эмес. Азыр дүйнөдөгү маанилүү, таасирдүү өлкөлөр сүйлөшүүгө баратканда биздин аймактагы өлкөлөрдүн позициясы кайсы бир деңгээлде Орусиянын пайдасына иштеген тең салмактуулук үчүн мааниси бар. Дагы бир жагынан алганда, бул согуштун алкагында Орусиядан башка да бир канча өлкө кыйналып, ресурсу азайып баратат. Өзгөчө Кытай менен Индияны алсак болот. Индия Орусия менен соода алакасы үчүн АКШнын санкциясына илинип калышы мүмкүн. Ушул сыяктуу ар кандай тобокелдиктер Орусия менен алакасы бар бардык өлкөлөргө тиешелүү. Мындан улам Путин алар менен сүйлөшүүдө “Москва бар аракетин көрүп, тынчтыкка жетишүүгө далалат кылып жатат” дегенге өнөктөштөрүн ишендирип, “согуштун бүтпөй жатышына Украина себепкер” деген ойду бекемдегиси келиши мүмкүн.
- Ушуну улай эле. Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Казакстандын президенти Токаев украин лидери Владимир Зеленский менен да телефондон баарлашты. Мындай шартта бул чөлкөм нейтралдуу позицияны коргой алабы? Москванын таасири басымдуулук кылбайбы?
- Согуштагы азыркы кырдаал биз сыяктуу өлкөлөрдүн бейтарап позициясын деле эске албайт жана мааниге деле ээ болбой калды. Абалдын өзгөрүшү эң биринчи катарда турган тараптардын аракетине жараша болот. Токаев менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү украин лидеринин сунушу менен ишке ашыптыр. Киевдин буга чейин да Астана менен байланышы болгон. Ошондуктан, кайсы бир деңгээлдеги ишенимдин негизиндеби, айтор, Украина тарап Токаев - Путин сүйлөшүүсүнөн кийин казак лидери менен өзүнчө маалымат алмашууга аракеттенген болсо керек. Бул жерде Токаевдин “Украинанын мамлекеттүүлүгүн сактап калуу биринчи орунда турушу керек, аймактык бүтүндүк эң биринчи” деген сөзүнө көңүл бурсак. Акыркы учурда айрыкча АКШнын таасири менен болуп жаткан багыт – аймактык соодалашуу орун алганы турат. Орусия буга чейин Донбасс, Крым жана башка да аймактарды өзүнө каратып алгысы келип жаткандыр. Токаевдин да Путин менен сүйлөшүүдөн кийин Киевге айткан сөзү Москванын позициясын жеткиргендей элес калтырды.
Шерине