Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Быйыл Бишкекте эки миңдей бак-дарак кыйылды


Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси. 15-ноябрь, 2024-жыл. (Азыр бул теректер жок)
Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси. 15-ноябрь, 2024-жыл. (Азыр бул теректер жок)

“Бишкек жашыл чарба” муниципиалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев ушул жылдын башынан бери эле борбор калаада 2 миңдей бак-дарак кыялганын билдирди. Бул тууралуу ал 12-августта өткөн брифинг учурунда айтты.

Анын сөзүнө ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектисин оңдоо иштеринде эле миңдей терек кыйылды. Жаныбек Жумалиев план боюнча Бишкекте жыл сайын чирип, мөөнөтү жеткен 600-700 бак-дарак кыйылып турушу зарыл экенин, бирок жол салуу жана курулуш иштерине байланыштуу мындан да көп бак-дарак жок кылынарын кошумчалады.

“Бишкек жашыл чарба” муниципиалдык ишканасынын балансында 248 миң жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактар бар. Бул шаар аянтынын 10% да түзбөйт. “Арча демилгеси” коомдук фонду 2014-2021-жылдары Бишкекте 479 гектар жашыл аймак кыскарганын изилдеп чыгышкан.

Экологдор Бишкекте жашыл аймактар, бак-дарактар жылдан-жылга азайып баратканын айтып, мунун кесепети оор болорун эскертип келишет. Борбордо жайында аптап болуп, кышында ыш каптайт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG