Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

АКШ Кытайга бажы төлөмүн киргизүүнү кийинкиге калтырды


Коллаж
Коллаж

АКШнын президенти Дональд Трамп кытай товарларына бажы төлөмдөрүн жогорулатууну кийинкиге жылдырган жарлыкка кол койду. Бул жарлык 90 күндүк мөөнөт менен кабыл алынды. Трамп мындай документке Вашингтон менен Бээжиндин ортосунда соода келишими боюнча сүйлөшүүгө бөлүнгөн убакыт аяктарына бир нече саат калганда кол койду.

Жазында Трамп кытай товарларына бажы төлөмүн 125 пайызга көтөрүү тапшырмасын берген. Кийин эки өлкө ортосундагы соода согуштун жыйынтыгында бул 145 пайызга чейин жеткен. Бирок эки өлкө ортосунда сүйлөшүү өткөрүү сунушталып, ал үчүн 12-августка чейинки мөөнөт белгиленген.

АКШ бийлиги кытай товарларына бажы төлөмүнөн тышкары Бээжинди дагы бир демилгеси менен коркутууда. Ал Орусиядан мунай сатып алган соода өнөктөштөрүнө тарифтерди көтөрүүнү камтыйт. Августтун башында Трамп мындай чара Кытайга тиешелүү болорун эскерткен. Расмий Бээжин болсо эскертүүлөргө карабай орус мунайын сатып алуудан баш тартпасын билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG