Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Мишустиндин сапары: Бишкекти инвестиция, Москваны санкция ойлондурат


Адылбек Касымалиев жана Михаил Мишустин. 14-август, 2025-жыл. Чолпон-Ата шаары.
Адылбек Касымалиев жана Михаил Мишустин. 14-август, 2025-жыл. Чолпон-Ата шаары.

Чолпон-Атада Орусиянын өкмөт башчысы Мишустин катышкан экономикалык форум өтүүдө. Украинага согуш ачкандан бери эл аралык санкцияга туш болгон Орусия Кыргызстан менен байланышын бекемдөө аракетинде. Ошол эле маалда кыргыз мигранттары Кремлдин катаал саясатынын кесепетин тартып турган маалы.

14-августта Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарында жолугушту.

Касымалиев орус премьеринин сапары эки мамлекет ортосунда "Түбөлүк достук жана өнөктөштүк жөнүндө" декларацияга кол коюлганынын 25 жылдыгына туура келгенин белгилеп, эки тараптуу кызматташуу көп тармактуу өнүгүп жатканын белгиледи. Кыргыз премьери ириде экономикалык алаканын чыңдалганына токтолду.

“Эки тараптуу сооданын көлөмүнүн көбөйгөнүн кубануу менен белгилейм. Өткөн жылы товар алмашуунун көлөмү 3,9 миллард долларга жетти жана биз алдыга коюлган 5 миллиард долларлык максатка жакындадык. Быйылкы жылдын беш айында соода жүгүртүү 16% өсүп, 1,3 миллард долларды түздү. Ошондой эле орусиялык ишкердиктин Кыргызстанда ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилейм. Орусиянын ири инвестор катары өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы улам өсүүдө”, - деди Касымалиев.

Мишустин өз кезегинде дүйнөдөгү азыркы кырдаалда Кыргызстан Орусиянын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

“Сырткы кырдаалдын катаалдыгына карабай, биздин эки тараптуу кызматташуубуз ийгиликтүү өнүгүүдө. 2026-жылга чейинки кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык программаны ишке ашырып жатабыз. Эки тараптуу соода жүгүртүү көлөмү өсүп жатат. Кыргызстандын экономикасы үчүн орусиялык инвестиция маанилүү. Бул багытта биздин кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия иш алып барат”, - деди Мишустин.

Чынында эле Орусия Кыргызстандын негизги саясий, экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Украинага кол салгандан кийин Батыштын жапырт санкциясына туш болгон Москва Бишкек менен алака-катышын бекемдөөгө аракет кылганы белгилүү.

Соңку учурдагы экономикалык алаканын өнүгүшүнүн бир себеби да учурдагы кырдаалга байланыштуу экенин айрым адистер белгилешет. АКШ, Евробиримдик Орусияга салган санкцияларды кыйгап өтүү үчүн Москва Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандагы жолдорду колдонууда деген шектенүүдөн улам реэкспорт менен алектенген он чакты компания Батыштын "кара тизмесине" кабылды.

Расмий Бишкек Орусияга салынган санкциялар жана ага Кыргызстандын катышын кескин четке кагып келет.

Орусия: Мигранттарга каршы катаал саясат

Мишустиндин сапарында кыргыз-орус экономикалык байланышынын бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин айтылып жатат. Өкмөт башчылардын саммити алдында кыргыз-орус бизнес форуму өтүп, эки өлкөнүн бизнес алакасын бекемдөө талкууланды.

Мишустин бул сапарында Садыр Жапаровго да жолугат.

Орус премьеринин жолугушуусундагы дагы бир маселе - Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттарынын абалы. Бул өлкөдө 350 миңге жакын кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. Кыргыз мигранттарынын саны Орусия Украинага кол салгандан бери эки эсе кыскарып, мекенине кайткандар арбын. Соңку маалда орус бийлиги миграциялык саясатын катаалдаштарып, чет элдик жарандардын укугун чектеген эрежелерди киргизүүдө.

Ушул аптада Тышкы иштер министрлиги соңку миграциялык эрежелерди аткарууга жетишпеген 90 миңдей кыргызстандык сентябрдын соңунда Орусиядан чыгарылышы мүмкүн экенин эскертти.

ЕАЭБ убада кылган эркиндик

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри учурда Соода өнөр-жай палатасынын президенти Темир Сариев 13-августта Чолпон-Атадагы илимий конференцияда Орусияда миграциялык тоскоолдуктар болуп жатканын көтөрүп, бул уюмдун кызыкчылыгына каршы келерин эске салды:

“Тоскоолдуктардын болуп жатканын Казакстандын мисалында алсак, товарлардын өтпөй туруп калып жатканы - кыска кызыкчылык. Бул түшүнүксүз нерсе, анткени биздеги эркиндикке эч нерсе тоскоолдук кылбашы керек. Орусиядагы мигранттар менен маселесин коопсуздукка байланыштырып жатат. Бирок бул боюнча буга чейин Москвада да, азыр да айттым. Биз биримдикке киргенден кийин өзүнчө коридор болушу керек. Муну талап кылышыбыз керек. Анткени биримдиктин келишиминде бул ачык жазылган. Кечээ форумда да орус тараптын өкүлдөрүнө ушинте беришсе барган сайын биздин мигранттар ал жакта азаярын айттым", - деди.

Мишустин Чолпон-Атада ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат. Бирикменин ичинде беш өлкөдө тең жумушчу күчкө, товар алмашууга, капитал жүгүртүүгө жана кызмат көрсөтүүгө эркиндик берилип, тоскоолдуктар алынмак.

Чолпон-Атадагы жыйында жыйырмадан ашык маселе, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган товарлардын бажы наркын көзөмөлдөөнү, уюмдун 2025-жылга чейинки стратегиялык максаттарынын канчасы ишке ашканын талкуулашат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышпай турганын жергиликтүү басылмалар анын басма сөз катчысына шилтеме берип жазышты. Катчы бул күндөрү Пашинян эмгек өргүүсүндө болорун билдирген. Жыл башында Армениянын парламенти өлкөдө евроинтеграция процессин баштоо боюнча мыйзам кабыл алган.

2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган. Кыргызстандын бул уюмга мүчө болгону боюнча нааразылыктар айтылып, Бишкекке Орусиянын таасири артып, энергетикалык ресурстар жагынан көз карандылыгы күчөгөнүн сынга алгандар бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG