Трамп Аляскада 15-августта өтө турган АКШ-Орусия саммитине удаа эле "Путин, Зеленский жана эгерде ошону каалашса менин катышуумда экинчи саммитти өткөрүүнү" кааларын билдирди.
АКШ президенти ошондой эле Орусия Укранадагы согушту тез арада токтотуудан баш тартса, "олуттуу кесепеттерге туш болорун" эскертти. Аляскадагы жолугушуу "биз азыр кай жердебиз жана эмне кылып жатабыз" деген маселелерди тактап алуу максатын көздөйт. "Путинден өтө зарыл суроолорго жооп ала албасак, кийинки жолугушуу болбойт", - деди Трамп.
Орус президентин Украинадагы аскердик операцияларды токтотууга көндүрүү күмөндүү иш экенин моюнга алып, ал андай аңгеме буга чейин эле болгонун кошумчалады.
Шаршембиде Украина жана Евробиримдик лидерлери менен болгон сүйлөшүүнү Трамп "абдан жакшы деңгээлде өттү" деп кубаттады.
Шерине