Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Кыргыз өкмөтү "Талибандын" Ооганстанды калыбына келтирүү аракетин колдойт


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетинин аткаруучу Нуруддин Азизи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетинин аткаруучу Нуруддин Азизи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетинин аткаруучу Нуруддин Азизи менен жолугушту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Касымалиев Ооганстандын экономикалык жактан калыбына келиши жана туруктуулукту чыңдоо боюнча учурдагы ооган бийлигинин аракеттерин колдорун билдирген. Кыргызстан бул өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу жана өнүктүрүүгө көмөктөшчү демилгелерге катышып жатканын кошумчалаган.

Сүйлөшүү жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы соода, транспорт, энергетика, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкууланган.

Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин өз колуна алган.

2024-жылы Кыргызстан “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган. Бул өлкөнүн өнөр жай жана соода министринин милдетинин аткаруучу Нуруддин Азизи Кыргызстанга алгач жолу сапар менен келген “Талибандын” жогорку кызмат адамдарынын бири болуп калды.

Шерине

XS
SM
MD
LG