Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Өскөн Даникеевдин адабият жана илимдеги чыйыры


Өскөн Даникеев: Мен бактылуумун
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:43 0:00

Өскөн Даникеевдин көзү тирүүсүндө берген маеги.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев 14-августта 90 жашында көз жумду.

Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеевдин негизги кесиби – тоо инженери.

Кыргыз адабиятына 1961-жылы “Бакир” аттуу аңгемеси менен кирген. Андан кийин "Кыздын сыры" аттуу повести 1963-жылы жарык көрүп, ага Чыңгыз Айтматов баштаган кыргыз жазуучуларынын оң баасын берген. Чыгарма орус, француз ж.б. тилдерге которулуп, көркөм фильм тартылган.

2021-жылы"Кыздын сыры" түрк тилинде 500 нускада жарык көргөн.

Автор андан кийин “Көз ирмемдеги өмүр”, “Арман” "Көкөй кести" ж.б. аңгеме, повесть, романдарын жазган. "Көкөй кести" романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Котормочулук менен да алектенип, Достоевский, Лесков, Анкилов, Азиз Несин, Вампиловдун чыгармаларын кыргызчалап, айрымдары облустук, республикалык театрларда коюлган.

Өскөн Даникеев 1934-жылы 21-декабрда Сокулук районунун Чоң-Жар айылында туулган. 1948–1951-жылдары борбордогу №5 кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланып, 1951-жылы Москвадагы тоо-кен институтуна кабыл алынган.

1956-1962-жылдары өз кесиби боюнча Кыргызстандагы тоо кендеринде жана көмүр өнөр жайы боюнча жетектөөчү инженер болуп эмгектенген. 1962-1975-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу, кийин кафедранын доценти болуп иштеген.

“Сызма геометрия” окуу куралын кыргыз тилинде жазган. Буга айылдан келген улан-кыздардын орус тилинен кыйналганы түрткү болгон. Китеп үч жолу басылган. 1974-жылы "Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн" түзгөн.

Жазуучунун өмүрүндө өтөгөн иши, замандаш-калемдештери, мекендин, кыргыз тилинин, карылыктын кадыры тууралуу акыркы маегин аудиодон уга аласыз.

Өскөн Даникеев: Мен бактылуумун
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:08 0:00

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG