Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Укук коргоо уюмдары тажик түрмөлөрүндө каза тапкан төрт памирлик активисттин өлүмүн айыпташты


Тоолуу Бадахшандык активисттердин тагдырына тынчсызданган жарандар Санкт-Петербургда пикетке чыгышкан.
Тоолуу Бадахшандык активисттердин тагдырына тынчсызданган жарандар Санкт-Петербургда пикетке чыгышкан.

Сегиз эл аралык укук коргоо уюму биргелешкен билдирүү таратып, Тажикстандын абактарында Тоолуу Бадахшандык төрт активист каза тапканын айыптап, тажик бийликтерин бул жамаатты куугунтуктоону токтотууга үндөштү. 2022-жылы аймактагы толкундоолордон кийин элди уюштуруп көкүткөн үчүн терроризмге айыпталып камакка алынган Кулмамад Паллаев, Аслан Гулобов, Музаффар Давлатмиров, Ираншо Мамадрахимов белгисиз жагдайда темир тор артында мерт болушту. Туугандары, камалгандардын коргоочулары аларга коюлган кинелердин баары жасалма деп белгилеп келатышат. Укук коргоочулар төрт активисттин өлүмүнө абактагы ырайымсыз кыйноо, начар шарттар, медициналык жардам берилбегени себеп болгон деп эсептешет. Тажикстандын Юстиция министри жакында абакта ооруп калгандарга тийиштүү медициналык жардам көргөзүлүп жатканын айткан, бирок байкоочулар чыныгы жагдай, темир тор артындагылардын канчасы өлүмгө дуушар болгону жаап-жашырылат деп эскертишет.

Шерине

XS
SM
MD
LG