Шаршембиде Евробиримбик, НАТОнун лидерлери АКШнын президенти Дональд Трамп жана вице-президенти Жей Ди Вэнс менен онлайн талкуу өткөрүп, ага атайын Берлинге учуп барган украин президенти Владимир Зеленский да катышты. Талкуунун жыйынтыгына токтолгон Зеленский АКШ президенти Украина өз коопсуздугуна бекем кепилдик алышы керектигин туура көргөнүн белгиледи. "Орусия ок атууну токтотууга макул болбосо, Москвага каршы санкциялар күчөтүлүшү зарыл", - деп кайталады ал.
Берлиндеги маалымат жыйынына катышкан немис канцлери Фридрих Мерц Украина Орусия менен ортодогу аймактык маселелерди талкуулоого даяр экенин, бирок орус армиясы басып алган жерлердин юридикалык статусу "талкууланбай турган маселе" экенин эскертти.
Онлайн саммит АКШ-Орусия лидерлеринин жума күнү Аляска штатында өтө турган саммити алдында Украина менен Европадагы өнөктөштөрдүн, АКШнын көз карашын тактап салмактап алуу максатында уюшулду.
"Аляскада Европа менен Украинанын коопсуздук боюнча фундаменталдык кызыкчылыктары эске алынышы керек. Бул маселеде Европа менен АКШ ортосунда макулдашууга жетиштик", - деди Германиянын канцлери Мерц онлайн саммитти жыйынтыктаган сөзүндө.
Шерине