Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №1 шаардык милиция бөлүмүндө каза болгон 25 жаштагы (М.А.) адамдын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликтен аша чабуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Ленин районунун прокуратурасы козгогон иш андан ары тергөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.
Башкы көзөмөл органы соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү бардык тергөө аракеттери прокуратура органынын көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
9-август күнү 25 жаштагы адам Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №1 шаардык милиция бөлүмүндө каза болгон. Ал ким экени, кайсы кылмыш ишине шек саналып жатканы тууралуу маалымат жок.
Кыргызстанда буга чейин да укук коргоо органдарынын имараттарында, жабык жайларда ушундай окуялар катталган. (BTo)
Шерине