Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурунда мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда кармалып, 10 күнгө камалган беш адам эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду. Мындай чечимди 12-августта Октябрь райондук соту чыгарганын адвокат Алмамбет Бексултанов билдирди.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 6-августта Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз топ адамдар жолду мыйзамсыз тосуп алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси – “Жолдорду мыйзамсыз тосуу” менен кылмыш иши козголуп, беш адам кармалган.
Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 128-беренеси – “Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” менен протокол түзүлгөн.
Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Аларды бузуу иши тургундардын каршылыгы менен коштолуп жатат. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтышууда.
Мэрия бул аймакка жер мунапысы берилбей турганын, себеби мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырса болорун кабарлады. Шаар бийлиги Көк-Жар жаңы конушундагы үйлөр 2021-жылдан кийин салынганын кошумчалаган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен төрт кишини кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлууда. (BTo)