Орус премьери Мишустин Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин. Казакстан. 2025-жылдын 31-январы.

14-августта Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул туурасында кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. Анын алкагында президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер менен жолугуп, кыргыз-орус мамилеси, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле 15-августта Чолпон-Атада Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт башчыларынын жыйыны өтөрү да күтүлүүдө.

Орусиянын Кыргызстандын негизги саясий, экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Бул өлкөдө 350 миңге жакын кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт.

Кыргызстандын мигранттардын саны Орусия Украинага кол салгандан бери эки эсе кыскарып, кыргызстандыктар мекенине кайтып келишкен. Соңку убакытта орус бийлиги мигранттарга карата бир катар катаал эрежелерди киргизүүдө.

Дагы караңыз

Ооганстанга берилген жардам жана жемкорлук: 25 млн долларлык имарат тоокканага айланган"Путин санаалаштарга телефон чалып, жалгыз эмес экенин ишарат кылгандай"Бишкек мэри Көк-Жарда киши жашаган үйлөр бузула электигин айтты