Бишкектин Ленин райондук милициясында 25 жаштагы адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринде 9-август күнү 25 жаштагы адам каза болду.

Маалыматты райондук милициянын басма сөз кызматы ырастап, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл экспертизалар, анын ичинде соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Каза болгон адам ким экени, ал кайсы кылмыш ишине шек саналып жатканы тууралуу маалымат берилген жок.

Кыргызстанда буга чейин да укук коргоо органдарынын имараттарында, жабык жайларда ушундай окуялар катталган. (BTo)

Дагы караңыз

“Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу” долбоорлору боюнча келишимдерге кол коюлдуБишкек мэри "Ататүрк" паркына үй салгандар менен мунаса табылганын айтты БУУ Газада алты журналисттин өлтүрүлүшүн "эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузуу" деп айыптадыАзербайжан жана Армения ортодогу аймактык дооматтардан баш тартыштыЖапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин жойгон долбоорду артка кайтардыКамчыбек Ташиев мыйзамсыз курулуштарды бузууда этият болууга чакырды