Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлукка жазаны күчөткөн мыйзам иштеп баштагандан бери коррупциялык кылмыштар кескин азайганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-августта Нарын шаарында атайын техниканы тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып айтты.
“Мурда уурдаган акчасын ордуна коюп, тергөө менен кызматташып кылган кылмышын мойнуна алса айып пул салып чыгарып койсо болот эле. Мыйзам боюнча 200 миң, 100 миң, 50 миң кээ бирлерине 30 миң сом айып салынчу. Жаза күчөтүлгөндөн бери кылмышты мойнуна алып, уурдаган акчаны ордуна койсо да түрмөгө отурат”, - деди ал.
Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)