ИИМ Көк-Жардагы жер иши боюнча төрт адамды кармады

Кармалган шектүүлөр.

Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен мурдагы Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы (М.К.), Бишкек шаарынын мэриясына караштуу аза кызматын көрсөтүү мекемесинин директору (Д.Э.) жана Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы (А.Н.) кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 6-августта Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз топ адамдар мыйзасыз курулуштарды бузууга каршы чыгып, жолду мыйзамсыз тосуп алышкан. Тергөөдө 8-августта 63 жаштагы И.Г. кармалып, ага “Көк-Жар конушундагы жолду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана каржылаган” деген кине коюлган.

“Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.Г. мыйзамсыз жер тилкелерин сатууга тиешеси бар экени аныкталды. Жалпысынан 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени боюнча жарандардан бир нече арыз түшкөн. Аталган жаран “жер мафиясынын” активдүү мүчөсү катары мыйзамсыз жер тилкелерин сатууну уюштурган, айрым кызмат адамдары жана мамлекеттик кызматкерлер менен келишип алып, жарандарды жол тосууга үгүттөп жана башка чагымчыл аракеттерди жасаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Бишкектин Октябрь райондук соту 7-августта Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурунда мыйзамсыз деп саналган курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш кишини он күнгө камакка алган. Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, протокол түзүлгөн.

Милиция жолду мыйзамсыз тосуу кылмыш экенин, бул үчүн бир жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскерткен.

Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Аларды бузуу иши тургундардын каршылыгы менен коштолуп жатат. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтышууда.

Мэрия бул аймакка жер мунапысы берилбей турганын, себеби мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырса болорун кабарлады. Шаар бийлиги Көк-Жар жаңы конушундагы үйлөр 2021-жылдан кийин салынганын кошумчалаган. (BTo)

Дагы караңыз

Кой-Таш окуясы боюнча иш Бишкек шаардык сотунда карала баштайтТель-Авивде миңдеген киши Газаны оккупациялоого каршы чыкты Балдарды 1-2-класска киргизүү үчүн кошумча каттоо болотСот Мунарбек Сайпидиновду 30-сентябрга чейин абакта калтырдыУкраина: Путин Жапаровго АКШ менен сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди