Агартуу министрлиги 1-2-класска киргизүү үчүн буга чейин бир да мектепте катталбаган балдарга электрондук каттоо системасында кошумча орундар ачыларын билдирди.
2025-2026-окуу жылына кошумча кабыл алуу 13-августта башталып, 15-августта аяктайт. Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү “Түндүк” тиркемесиндеги “Санариптик документтер” бөлүмүндө бар экенин текшерип алышы зарыл.
(Кошумча орундар ачыла турган мектептердин тизмеси төмөнкү шилтемеде https://edu.gov.kg/posts/4376/)
2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирет. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.
5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштайт. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарт жана программа боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтөт. (BTo)