"Ал-Жазира" телеканалы кабарчылары Анас аш-Шариф жана Мохаммед Крейке, телеоператорлор Ибрагим Захер, Мохаммед Нуфал жана Муаммян Алива "Аш-Шифа" ооруканасынын дарбазасынын жанындагы журналисттер үчүн тигилген чатырдын ичинде отурганда сокку урулганын билдирди.
Телеканал тараткан билдирүүдө журналисттерди "бутага алып өлтүрүү - сөз эркиндигине атайылап жасалган чабуул" деп айтылат.
"Ал-Жазиранын" башкы редактору Мохаммед Моавад Би-би-си радиосуна Анас аш-Шариф Газа тилкесиндеги кырдаалды дүйнө коомчулугуна жеткирип турган "жалгыз үн" болгонун, атайын уруксат алып иштеп жүргөнүн айтты.
Израил согуш башталгандан тарта эл аралык агенттиктердин кабарчыларын палестин анклавындагы кырдаалды чагылдырууга киргизген жок. Андыктан көптөгөн агенттиктер жалгыз жергиликтүү кабарчыларга гана таянат.
"Алар чатырда отуруп, согуштан кабар берип жатышкан", - деди Моавад журналисттер окко учкан жагдай тууралуу.
"Аш-Шифанын" жанындагы операциядан кийин ЦАХАЛ Анас аш-Шариф "ХАМАСтын террористтик уюгун жетектеген" деп айыптап, аны жоготуунун так максаты болгонун билдирди.
"Сокку урардан мурун башка карапайым кишилерге тийчү залакасын азайтуу үчүн чара көрүлгөн. Өтө таамай тийген курал колдонулуп, абадан байкоо жүргүзүлүп, кошумча чалгын маалыматтары алынган", - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Израил армиясы калган төрт журналист тууралуу эч нерсе айткан жок.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Газада "Ал-Жазиранын" беш журналисти окко учту
28 жаштагы Анас ал-Шариф Reuters агенттигинде иштеп жүргөндө Газадагы согушта даярдаган фотоматериалдары үчүн Пулитцер сыйлыгын алган. Ал X социалдык тармагына израил армиясы шаарды тынымсыз аткылап жатканына эки сааттан ашканын жазгандан көп өтпөй өзү окко учкан.
"Журналисттерди коргоо комитети" Израил "негиздүү далилдерди көрсөтпөстөн", кабарчыларды террористтик уюмдар менен байланышта деп такай айыптарын билдирди. Эл аралык уюмдун маалыматына караганда, 2023-жылы 7-октябрда Газа тилкесинде согуш башталгандан бери медиа каражаттарынын кеминде 186 кызматкери набыт болду.
Тель-Авив: Нетаньяхунун планына каршы акция
Өткөн аптанын аягында Тель-Авивде миңдеген киши Газаны оккупациялоо планына каршы акцияга чыкты. Массалык каршылык акциясынын катышуучулары барымтадагыларды бошотуу үчүн Газа секторундагы согушту токтотууну талап кылып, АКШ президенти Дональд Трампты кырдаалга кийлигишүүгө чакырышты.
Газада согушкерлрдин барымтасында отурган жакындарынын сүрөттөрүн көтөргөн акциянын катышуучулары, 9-аугст, 2025-жыл
Айрымдар Газада ХАМАС радикал тобу барымтага алгандардын, кээ бири Израилдин сектордогу аскердик операциясында каза тапкан палестин балдардын сүрөттөрүн кармап турду.
"Бул жөн эле аскердик чечим эмес. Бул биз жакшы көргөн кишилерди өлүмгө түртүшү мүмкүн", - деп билдирди акциянын катышуучуларынын бири Лишей Миран Лави Reuters агенттигине. Анын күйөөсү Омри Лави эки жылдай мурун барымтага алынган.
Израилдин министрлер кабинети 8-августта премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо планын бекиткен. Өкмөт башчы ага чейин палестин анклавында жөөт армиясынын көзөмөлү орнотулат деген ниетин билдирген.
Израилдин планын Бириккен Улуттар Уюмунун Кооопсуздук кеңеши 10-августта чукул жыйынында талкуулап, айыптады.
Премьер-министр Биньямин Нетаньяху жекшембидеги билдирүүсүндө өзүнүн Газа шаарын көзөмөлгө алуу планы секторду биротоло оккупациялоону түшүндүрбөйт деп айтты.
«Израилдин ишти аягына чыгарып, ХАМАСты жер менен жексен кылуудан башка жолу жок. Биз көп нерсеге жетиштик. Газанын аймагынын 70–75% Израилдин көзөмөлүндө, аскердик көзөмөлдө — деди ал. — Бирок бизде эки таяныч пункту калды. Алар - Газа шаары жана Аль-Мавасидеги борбордук лагерлер».
Газанын 17 жаштагы тургуну Хала ал-Maсри кезектеги бомбалоодон кийин, 3-август, 2025-жыл
Газаны толук оккупациялоо планы
Эл аралык коомчулук Израилдин кооптуу планын айыптап, андан чукул арада баш тартууга үндөдү. Анклавдын согушка чейинки 2 миллион калкынын 90% үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Израилдин Коопсуздук кеңеши Газа шаарын оккупациялоо планын жума күнү жактырды. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху жөөт армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине толук аскердик көзөмөл орноторун бейшембиде билдирген.
Палестин анклавында дээрлик эки жылга аяк баскан согуш уланып жатканда Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды.
Нетаньяху америкалык Fox News телеканалына курган маегинде Газа тилкесинде коопсуздук периметрин түзүп, бирок анклавды башкаруу ниети жоктугун айтты.
«Биз аны кармап тургубуз келбейт. Коопсуздук периметрин түзгүбүз келет. Биз башкарууну орнотсок деген ойдо эмеспиз", - деди Нетаньяху.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Израил өкмөтү Газа шаарын оккупациялоону жактырды
Израил премьери палестин анклавын башкарууну араб күчтөрүнө берерин айтып, бирок ал качан жана кандай механизм менен ишке ашып, кайсы араб өлкөлөрү аралашарына токтолгон жок.
Анын кеңсеси тараткан билдирүүдө жөөт өкмөтү согушту токтотуунун беш принцибин аныктаганы айтылат:
- ХАМАСты куралсыздандыруу,
- Өлүү-тирүүсүн кошуп, барымтадагы бардык туткундарды кайтаруу,
- Газа тилкесин демилитаризациялоо,
- Анклавдын коопсуздугун Израил колго алат,
- ХАМАСтын жана Палестин автономиясынын өкүлдөрү кирбеген жарандык өкмөт түзүү.
Тель-Авивиде мындай чечим Газада ок атышууну токтотуп, барымтадагы израилдик туткундарды бошотуу иши оңунан чыкпай калгандан кийин кабыл алынды. Айрым маалымат булактары Израилдин аскер башчысы бул планга каршы чыгып, чектелүү жерлерди көзөмөлдөөнү сунуштаганын кабарлашты.
Батыш өлкөлөрү террордук деп тааныган ХАМАС Нетаньяхунун планын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө "кол салуу" деп атады. Радикал топ Газаны толук оккупациялоо аракетинин куну "өтө кымбатка" турарын эскертти.
ЦАХАЛ Газа шаарына толук көзөмөл орнотууга даярданарын, аны менен катар эле кармаш жүрүп жаткан аймактардан сырткары жердеги карапайым калкка гуманитардык көмөк көрсөтүлөрүн айтты.
Азырынча гумжардамдын көлөмү көбөйтүлөбү, аны соңку маалда кескин сынга кабылган Израил менен АКШ түзгөн Газанын гуманитардык корубу же башка каналдарда таратабы белгисиз.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Газа: Израилдин планы, палестиндердин абалы
ЦАХАЛдын кооптуу планы качан ишке ашат?
Израилдин өкмөтү Газа шаарын толук каратып алуу операциясы качан башталарын жарыялаган жок. Изрилдик медиа армия шаарга кирерден мурун ал жерден тургундарды эвакуациялоо жүрөрүн жазды.
Жөөт өкмөтү аскердик кабинеттин жыйынында дагы бир план каралаганын, бирок ал боюнча ХАМАСты толук жок кылып, туткундарды бошотууга жеткирбейт деп чечилгени маалым болду. Журналисттердин маалыматына караганда, андай планды Башкы штабдын жетекчиси Эял Замир сунуштаган. Ал Газа шаарында атайын операция өткөрүүгө каршы экенин билдирген.
Газадагы согуштан азап чеккен палестиндер Израил өкмөтүнүн соңку кооптуу планынан коркуп турушат. Анклавдын жер которгон тургундарынын бири Махмуд ал-Курашли: "Газада оккупациялай турган деле жер деле калган жок" деди. - Эл өлүп атат, күндө жүздөгөн киши жок болот. Ага кошул-ташыл болуп тамак-аш жетпей, күнүнө 100-150 киши өлөт. Газа шаарынын батышына баарын камап салышты, ошол эле жер калды. Аны басып алабы же жокпу - баары бир".
Дагы караңыз Израил Газаны толук оккупациялоону көздөйбү?Нетаньяхунун өкмөтүнүн жаңы планын бир катар лидерлер, эл аралык уюмдар жана Газада согушкерлердин колунда отурган туткундардын жакындары сындап, андан чукул арада баш тартууга үндөштү.
Британ премьери Кир Стармер жума күнү Тель-Авивди соңку чечимди кайра карап чыгууга чакырды.
"Мындай аракеттер жаңжалды токтотуп же туткундарды бошотууга жол ачпайт. Мындан да көп кан төгүүгө жеткирет", - деп айтылат Лондон тараткан билдирүүдө.
Сауд Арабия, Египет, Иордания жума күнү Израилдин Газа тилкесин көзөмөлүнө алып, палестиндерди эвакуациялоо планын айыптап, андай аракеттер кырдаалды курчутарын эскертишти.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Тель-Авивдин кооптуу планы терең тынчсыздануу жаратканын белгилеп, андай ниеттен тез арада кайтууга чакырды.
Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен да үн кошуп, Израилди планын кайра карап чыгууга ундөп, ок атууну токтотуу зарыл экенине басым жасады.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц мындан ары Газада колдонушу мүмкүн болгон курал-жарак Израилге сатылбай турганын жарыялады. Германия - Израилге аскердик техника, курал-жарак экспорттоо жагынан АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт.
Палестин автономиясынын бийлиги Израилдин пландалып жаткан кеңири аскердик операциясы болуп көрбөгөндөй гуманитардык алааматка алып келерин эскертти.
Бириккен Улуттар Уюму палестин анклавын Израил армиясы толук оккупациялап алса кырдаал "өтө кооптуу" болорун белгилеген.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге жасаган террордук кол салуудан 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 148 туткун аман-эсен кайтарылды. Дагы 50дөй израилдик туткундун 20сы тирүү экени кабарланган. Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согушта 60 миңден ашуун киши каза тапканын билдирди