Израилдин министрлер кабинети жумага караган түнү премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо планын бекитти. Өкмөт башчы ага чейин палестин анклавында жөөт армиясынын көзөмөлү орнотулат деген ниетин билдирген. Ушул тапта Газа тилкесинин 75-80% Израилдин көзөмөлү астында.
Украинадагы согушта жоготуулар көбөйгөнү орус бийлиги абактагыларды, армия курагына жеткендерди, алыскы региондордон этностук азчылык өкүлдөрүн жана борбор азиялык эмгек мигранттарын майданга күчтөп жалдоо тактикасын бекемдеп жаткандай.
Израилдин Коопсуздук кеңеши Газа шаарын оккупациялоо планын жактырды. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛ Газа тилкесине толук аскердик көзөмөл орноторун билдирген. Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды.
АКШ лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин келерки аптада жолугушары кабарланды. Бул Вашингтондун Украинада урушту токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн Москвага койгон ультиматуму аяктап жаткан маалга туш келүүдө.
АКШ лидери Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин келерки аптада жолугушары кабарланды. Бул Ак үйдүн Украинада урушту токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн Москвага койгон ультиматуму аяктап жаткан маалга туш келүүдө
Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяхунун өкмөтү Газа тилкесин толугу менен басып алууну көздөп жатканы тууралуу израилдик медиа жазды. Израил армиясы – ЦАХАЛдын командачылыгындагы айрым жетекчилер андай планга каршы экени айтылууда.
Москвада «Крокус Сити Холлдогу» теракт боюнча сот башталды. 147 адамдын өмүн алган окуя боюнча 19 шектүү соттолуп жатат. Теракттын уюштуруучулары табыла элек. Бирок иштин жүрүшүндө кыйноолор, кысым жана калыс тергөөнүн жоктугу тууралуу дооматтар жаралууда.
Орусиянын тарыхындагы эң кандуу теракттын бири саналган "Крокус-Сити Холл" окуясы боюнча тергөө аяктады. Бул кандуу кол салууну жасаган деп төрт киши, аларга көмөктөшкөн деп дагы 15 адам айыпталууда. Бирок иштин жүрүшүндө кыйноолор, кысым жана калыс тергөөнүн жоктугу тууралуу дооматтар жаралууда.
Орус бийлиги лидерлерди, анти-лидерлерди аныктап табуу жана патриоттук сезимди арттыруу үчүн 10 миңдей өспүрүмдүн когнитивдик жөндөмүн текшерет. Долбоор «ар тараптан өнүккөн инсандарды тарбиялоону» көздөгөн «Биз бирге» аттуу федералдык программанын алкагында ишке ашырылмакчы.
Киев аза күтүүдө. 31-июлга караган түнү орус аскерлери украин баш калаасына жапырт чабуул коюп, 27 жерде турак-жайлар, оорукана, мектептер жарым-жартылай кыйраган. Куткаруучулар 31 кишинин сөөктөрүн урандылардын астынан алып чыгышты.
Дүйнөнүн улам бир жеринде тутанган согуштар менен куралдуу жаңжалдар авиаташуулардын картасын да бир топ өзгөрттү. Жер шарынын кээ бир региондорунда учактар сейрек кездешип калды.
Дагы жүктөңүз