Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 7-августта Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы (Т.Б.К.) кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалганын билдирди.
Буга чейин жабырлануучу (Ж.С.Ж.) жетекчисине чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Арызда шектүү кызмат абалынан пайдаланып кол астында иштеген кызматкерге WhatsApp мессенжеринен ар түрдүү адепсиз билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жөнөтүп, ошондой эле күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлаганын кабарлаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Анын жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.
Атайын кызмат 29-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголгонун билдирген. УКМК К.Ж.С. аттуу судья соттун катчысына “WhatsApp мессенжери аркылуу интимдик мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүп, ар кандай терс сунуштар менен аны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган” деп билдирген. Ага да “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен иш ачылган.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев 7-августтагы онлайн кеңешмеде сексуалдык ыдык көрсөткөн деген судья Жаркынбек Кыдырбаев экенин айткан. Андан тышкары Өзгөн районунун судьясы Ниязбек Калматов арыз бергени келген келинге ыплас мамиле кылганы үчүн Судьялар кеңеши ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотконун жарыялаган. (BTo)
Шерине