Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

АКШ Орусияга салынган айрым санкцияларды 20-августка чейин убактылуу жумшартты


Аляскада жолугушуу өткөрүү үчүн АКШнын Финансы министрлиги Орусияга салынган айрым санкцияларды 20-августка чейин токтотууга лицензия берди. Анын алкагында буга чейин Орусия Украинага кол салганда Кошмо Штаттардын Кремлге каршы айрым чектөөлөрү 20-августка чейин убактылуу алынып турат. Бирок Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги бул лицензиянын алкагында санкцияга туш болгон кайсы бир мүлктү чыгаруу, Аляскадагы саммитти уюштурууга тиешеси жок транзакцияларды ишке ашырууга болбой турганын эскертти.

15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өткөнү жатат. Жолугушуудагы негизги тема Украинадагы согушту токтотуу маселеси болору айтылууда.

Дональд Трамп жолугушуу орус бийлигине чоң сыноо болорун, анын жүрүшүндө айрым аймактарды алмашуу жөнүндө да сөз жүрүшү мүмкүндүгүн четке каккан эмес. Украин президенти Владимир Зеленский аймактарды алмашууга Киев таптакыр макул болбосун эскертүүдө.

13-августта Евробиримдик, НАТОнун лидерлери АКШ президенти Дональд Трамп жана вице-президенти Жей Ди Вэнс менен онлайн талкуу өткөрүп, ага атайын Берлинге учуп барган украин президенти Владимир Зеленский да катышты. Онлайн саммит АКШ-Орусия лидерлеринин жума күнү Аляска штатында өтө турган саммити алдында Украина менен Европадагы өнөктөштөрдүн, АКШнын көз карашын тактап, салмактоо максатында уюшулду.

Талкуунун жыйынтыгына токтолгон Зеленский АКШ президенти Украина өз коопсуздугуна бекем кепилдик алышы керектигин туура көргөнүн белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG