13-августка караган түнү Орусия менен Украина бири-бирине каршы ондогон дрондорду учуруп, жарандык объектилерди, өнөр жай ишканаларын бутага алышты.
Орусиянын Волгоград шаарында асманда атылган дрондун сыныктары 16 кабаттуу турак жайдын чатырына куласа, Белгороддо соттун имаратына түштү. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтылган жок. Орусиянын коргоо министрлиги өткөн түнү алты региондо Украинанын 46 дронун атып түшүргөнүн билдирип, канчасы бутага тийгенин тактаган жок.
Украин армиясы 13-августка караган түнү орустардын 49 дрону асманда жок кылынып, 15и максатына жеткенин кабарлады. Жоготуулар тууралуу маалымат тактала элек.
АКШнын Аляска штатында 15-августта өтө турган Украинадагы согушту жөнгө салуунун жолдору талкууланчу АКШ-Орусия саммити алдында эки тарап аба соккуларын улантууда.