Польша Киевдеги казак элчилигинин кызматкерин тыңчылыкка айыптап камаганы кабарланды

Польшанын коопсуздук кызматы (ABW) маал-маалы менен тыңчы деп шектелгендерди кармаганы жарыяланып турат.

Польшанын ички коопсуздук агенттиги 1-августта мурдагы СССРден бөлүнүп чыккан азиялык мамлекеттердин биринин жараны кармалганын билдирген. Быдгощ шаарында кармалган адам европалык өлкөлөрдүн бириндеги элчиликте иштеген аскердик чалгындоо кызматынын офицери экени айтылган. Польшанын улуттук радиосу кармалган адам 15-марттан бери өлкөдө аскердик чалгындоо маалыматтарын чогултуп жүргөнүн, ал үчүн азыр үч айга камакка алынганын кабарлаган.

Казакстандык бир катар маалымат агенттиктери шаршембиде Польшада кармалган адамды Казакстандын Украинадагы аскердик атташесинин жардамчысы Ануар Б. деп жазып, кийинчерээк Казинформ сайты бул жаңылыкты кайра алып койду.

Казакстандын бийликтери бул кабардын чын-төгүнүн ырастай элек. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги аскер адамдары тууралуу маалымат бере албасын айтып, Коргоо министрлигине кайрылууну сунуштаган.