Газада дагы ондогон адам набыт болгону кабарланды

Газа тилкесинде эл ар кайсы жерде чогулуп, гуманитардык жардамды күтүүгө аргасыз

Газа тилкесинде соңку 24 саат ичинде кеминде 89 киши мерт болгонун, арасында гуманитардык жардам күтүп турган жарандар, жаш балдар да бар экенин аймактын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 513 киши ар кандай жараат алышты. Al-Jazeera телеканалы кабарлагандай, шейшембиде дагы беш киши, алардын экөө жаш балдар, ачарчылыктан көз жумушту. Ошону менен Газада тамак-аш тартыштыгынан өлгөн кишилердин саны 227ге жетти, деп билдирет Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Жаңы Зеландиянын мурдагы премьер-министри Хелен Кларк, Ирландиянын мурдагы президенти Мэри Робинсон Газа тилкесин кыдырып чыгып, дүйшөмбүдө эл аралык коомчулукка кайрылып, "Израил өкмөтүнө басым жасап, Газадагы элди азап-тозокко салган кылмыштарды токтотууга" үндөштү.