Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Бишкектеги №1 тергөө абагында (№21 мекеме) кыйноого кабылганын айткан Фархат Баабиевдин арыз-дооматын четке какты.
Мекеме ал тергөө абагындагы №351 абак бөлмөсүндө экенин, аны менен чогуу 14 соттолгон адам жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, Фархат Баабиев 18-23-июнь күндөрү жана 1-июлда №1 тергөө абагында адвокаттары менен жолуккан. Андан тышкары 8-августта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери да кабар алып кеткен.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 1-августта абак бөлмөлөрүнүн техникалык жана санитардык абалдарын текшерүү учурунда Фархат Баабиев тоскоолдук кылып, кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыктан 10 күнгө айып изоляторуна киргизилгенин кошумчалады.
Баабиев 1-августта №1 тергөө абагынын жетекчиси жана кызматкерлери абак бөлмөнү текшерүү учурунда аны ур-токмокко алып, 10 күнгө айып изоляторуна киргизгенин, бул мыйзамсыз экенин билдирген. Анын арызын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев жарыялаган.
Фархат Баабиев Алмазбек Атамбаевдин тарапташы. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 3-июнда “Кой-Таш” иши боюнча 5 жыл 6 айга кескен. (BTo)