Башкырстанда заводдогу жарылуудан кеминде 30 киши жараат алды

9-августтун таңында Стерлитамак шаарында «Башкыр сода компаниясынын” “Каустик” өндүрүш аянтчасындагы имаратта газ-аба аралашмасы жарылды. Аймактык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жарылуудан кийин өрт чыккан эмес.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 27 адам ооруканага жаткырылган. Тергөө комитети болсо жабыркагандардын саны 36 экенин билдирди.

Министрликтин аймактык башкармалыгынын башчысы Айрат Рахматуллин жеринде 19 “Тез жардам” бригадасы иштеп жатканын, Уфадан дарыгерлер санитардык авиация менен барганын тактады.

“Башкыр сода компаниясы” жарылуунун себеби технологиялык түтүктөрдөн жылчык пайда болгону экенин маалымдады. “112” Телеграм каналы урандылардын алдында калгандар болушу мүмкүн экенин жана экинчи жарылуу боюнча коркунуч бар экенин жазды.

Заводдун аймагын полиция кызматкерлери курчоого алган.

Дагы караңыз

Зеленский "украиндер өзүнүн аймагын бербей турганын" билдирдиТрамп менен Путин 15-августта Альяскада жолугатЭлчи Молдогазиев АКШ 45 кыргызстандыкты депортациялай турганын билдирдиӨкмөт мобилдик аппараттарды каттоону УКМК көзөмөлдөрүн билдирди