Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Орок айылындагы көрүстөндөн чыккан өрттү өчүрүү уланууда


ӨКМ тараткан видеодон алынган скрин.
ӨКМ тараткан видеодон алынган скрин.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын Орок айылында кырдагы көрүстөндөн өрт чыкканын билдирди. Ачык аянтта куураган чөп күйүп кеткен жана учурда аны өчүрүүгө министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана беш күжүрмөн эсеп жана сегиз куткаруучу тартылган.

Ал жерге министр Бообек Ажикеев да барып, өрттүн жайылып кетишин алдын алуу чаралары көрүлүп жатканы кабарланды.

Министрлик Панфилов районунун Орто-Арык айылынын жогору жагындагы тоодон чыккан өрттү өчүрүү иши да уланып жатканын билдирди. Бул жердеги тилсиз жоо 9-августта тутанып, аны өчүрүүгө 10 куткаруучу тартылган. Учурда жеринде 17 кызматкер иштеп жатканы айтылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG