Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Баку менен Еревандын ортосунда 17 жободон турган тынчтык макулдашуусунун текстин жарыялады.
Документке ылайык, эки тарап бири-бирине каршы күч колдонуудан баш тартып, өзүнчө макулдашууга ылайык чек араларды делимитациялап, ал макулдашууларды көзөмөлдөй турган биргелешкен комиссия түзүшөт.
"Эки тарап ортодогу мамилелерде күч колдонуу, же аймактык бүтүндүккө, саясий көз карандысыздыкка коркунуч келтирген башка бир аракеттерден карманууну макулдашты", - деп айтылат Баку менен Ереван кол коюп бекиткен документтин текстинде.
Макулдашуу мыйзамдуу түрдө күчүнө кириш үчүн эми эки мамлекет документти ратификациядан өткөрүп, эки лидер ага кол коюшу керек.